Биз менен байланышыңыз

«Айрым клиникаларда атайын адистиги жок дарыгерлер иштейт экен»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Апр 2022 | 477 | 0

Өлкөдөгү гинекологиялык деп аталган жеке менчик медициналык борборлордо башка кызматтар да көрсөтүлөрү белгилүү болду. Андан да жаманы — дарыгердин тиешелүү лицензиясы, адистигин тастыктаган документи жок бейтаптарга кызмат көрсөтүп келе жатканы. Бул тууралуу Кыргызстандын акушер-гинекологдор ассоциациясынын жетекчиси Арсен Аскеров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Алар көбүнчө «Ош» базарынын, «Аламүдүн» базарынын айланасында, шаардын четинде же эски ооруканалардын аймагында иш жүргүзүп келишет.

«Мындай медициналык борборлорго жана кызматкерлерге тиешелүү акт түзүлүп берилди. Санэпидкөзөмөл борбору менен биргеликте бир айдан кийин кайра текшерүүгө келебиз, эгер ошол убакытка чейин мыйзамдаштырбаса, анда жабуу маселесин коёбуз. Экинчи маселе, лицензиясы бар, бирок дарыгердин адистигин тастыктаган документи жок, атайын жабдуулары жетишсиз клиникалар болду. Аларга адистигине ылайык лицензия алуу сунуштамасы берилди. Үчүнчү маселе, баары жакшы, бирок адистердин компетенттүүлүгү жетишсиз болуп жатат. Мисалы, ар бир медкызматкер жыл сайын окутуудан өтүп, анын 250 саатын окуп бүтүрүшү керек, аттестациядан, аккредитациядан өтүшү керек. Бирок көп кызматкердин билими жетишсиз болуп, бейтаптарды туура эмес дарылап, туура эмес диагноздорду коюшууда», — деди ал.

Акыркы эки жуманын ичинде Чүй облусунда жана Бишкекте 55 гинекологиялык клиника текшерилди. Алдыда дагы өлкө боюнча 350дөй гинекологиялык медициналык борборду текшерүү планы коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM