Биз менен байланышыңыз

«Жеке клиникаларда бир жолку шприцти бир нече жолу колдонушууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Апр 2022 | 448 | 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймагында жеке менчик медициналык клиникалар лицензиялык талаптарга жооп берери текшерилип жатат.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө аймагында стоматологдор 30 жылдан бери текшерилбей келгенин, жер төлөдө, шарты жок жерде гинекологиялык кызматтар көрсөтүлөрүн, аптекарлар 4 жылдык билим менен иштешерин, косметикалык операцияларды ашпозчулар жасап жатканын, мындай башаламандыктардын баарын токтотуу керектигин айткан.

Текшерүү комиссиясынын төрагасы Ренат Мавланбай «Маралдын» эфиринде өлкөдөгү жеке стоматологиялык клиникаларда абал өтө кейиштүү экенин айтты.

Текшерүүдө бир жолку шприцти бир нече жолу колдонгон, жабдыктарды да эки жолудан колдонгон учурлар аныкталган.

«Жеке клиникалардын кызматкерлери бир жолку шприцти стерилдеп, крафт-баштыкка салып, бекитип коюшат экен. Биз: «Муну эмне кыласыздар?», — деп сурасак, «Стерилизация кылып койбодукпу, эчтеке болбойт», — деп жооп берип жатышты баары. Бул туура эмес», — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлиги талаптарга жооп бербеген стоматологиялык клиникалардын лицензиясын алып салууга укугу жок. Алар жеке ишкер катары иш алып барып жаткандыктан бул Экономика министрлигине караштуу, бирок аталган министрлик чара көрбөй келет.

Бишкекте 70тей стоматологиялык клиника, Ош шаарында да 70тей клиника текшерилди. Алардын 50%дан көбү лицензиясы жок иштеп жатат.

Лицензия Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилет, бирок аны текшерүүгө ыйгарым укуктары жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM