Биз менен байланышыңыз

Мэрия Кыргызстанда жасалган автобустарды сатып алуудан баш тартты

Кыска кабар | 19 Апр 2022 | 5407 | 0

Бишкек мэриясына караштуу Транспорт департаментинин директору Максат Нусубалиев Кыргызстанда өндүрүлгөн «Белес.kg» компаниясынын автобустарын мэрия сатып албасын билдирди. Анын негизи себеби катары баасынын кымбаттыгын жана сапатына сертификат жоктугун атады.

«Белес.kg» ишканасы менен сүйлөшүү болду, президент Садыр Жапаров көрүп келгенден кийин өзүбүз да бардык. Сапаты чынында жакшы экен. Ишкананын жетекчисинин айтымында, ошол автобусту чыгарууга 254 миң Евро сарпталган экен. Бул баалар мэрия үчүн кымбат. Ишканадан кечээ эле расмий кат келди: «500 даанадан өйдө алсаңар, дүң баа менен 178 миң 500 евродон бергенге даярбыз, аткаруу мөөнөтү 12 ай», — деп жатышат. Бул да өтө эле кымбат. Мисалы, дүйнөлүк бренддердин баасы буга караганда бир топ төмөн. Экинчи бир маселе, ар бир товардын сапаты боюнча сертификаты болот, мына ошол сертификаттан азыр өтүп жатат, аны майдын ортолорунда алып келебиз деп айтышты».

Автобустарды кураштыруу менен алектенген «Белес.kg» компаниясы чыгара турган алгачкы 10 автобусту мамлекет сатып аларын быйыл 15-февралда компаниянын иши менен таанышканы барганда президент Садыр Жапаров билдирген. Андан кийин Бишкек шаарынын мурдагы мэри Айбек Жунушалиев да «Белес.kg» компаниясынан 10 автобус алып, колдоого даяр экенин Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айткан.

Мэриянын автобус алуу саясаты: Ата мекендик өндүрүштөн баш тартты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM