Биз менен байланышыңыз

Президент: Алагды кылбай, тынч иштетесиңерби?

Кыска кабар | 19 Апр 2022 | 512 | 0

Президент Садыр Жапаров ар бир жасаган иши, кабыл алган чечимдери боюнча ийне-жибине чейин айтып бере турганын «Фейсбук» баракчасына жазды.

Садыр Жапаров иш сапардан келгенден кийин атайын маек берүүнү убада кылды.

«Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем. Эл-журттун башын айландырып, удургуткандарга жооп болсун. Алагды кылбай, тынч иштетесинерби, туугандар?» — деди ал.

Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров 19-20-апрелде Азербайжанда иш сапар менен болот. Аны Илхам Алиев расмий чакырган.

Акыркы күндөрү коомчулукта Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушунун айланасында кызуу талкуу жүрүүдө. Буга чейин талкуулар боюнча Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев да атайын кайрылуу жасады.

Султанбаев жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча дагы кайрылуу жасады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM