Биз менен байланышыңыз

Султанбаев жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча дагы кайрылуу жасады

Кыска кабар | 19 Апр 2022 | 765 | 0

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушунун айланасындагы талкуулар боюнча Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев атайын кайрылуу жасады.

Анын айтымында, жаңы Ак үйдүн курулушун айрымдар «оюн» кылып, коомчулуктун көңүлүн башка жакка бурууга аракет кылып жатышат.

«Акыркы бир жарым жылдын ичинде өлкө боюнча 202 мектеп жана алардын спорт залдарынын курулушу жүрүп, 68 мектеп бүткөрүлдү. Ошондой эле акыркы бир жарым жылдын ичинде республика боюнча 159 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аяктады. Жалпысынан алганда саламаттыкты сактоо тармагына 2021-жылы 20,9 миллиард сом бөлүнгөн болсо, 2022-жылы 23,5 миллиард сом бөлүнгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 112,4%ды түздү же 2,5 млрд сомго көп. Билим берүү тармагына 2021-жылы 40,2 миллиард сом бөлүнгөн болсо, 2022-жылы 42,1 миллиард сом бөлүнгөн. Өсүү темпи 104,72%ды түздү же 1,9 млрд сомго көп болду. Социалдык коргоо тармагын камсыздоого 2021-жылы 35,8 миллиард сом бөлүнсө, 2022-жылы 42,2 миллиард сом каралган. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 118,0%ды түздү, же 6,4 млрд сомго көп», — деп жазды ал.

Ошону менен бирге ал мектептер, ооруканалар, социалдык объектилер мындан ары да курула бере турганын белгилеп, социалдык чөйрө мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири экенин айткан.

Кошумчалай кетсек, Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги «Ысык-Көл» мейманканасы бузулуп, ордуна Президенттин администрациясынын жаңы имараты курула баштаган. Ага Президент Садыр Жапаров капсула салган. Өлкө башчы бул курулушка өкмөттүн бир сому коробосун, Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашылып жатканын билдирген. Тактап айтканда, компания Ак үй салып берет, а мамлекет ага башка курулуш жүргүзүүгө 16 гектар жер бөлөт. Ошол эле учурда президент «16 гектар жер бир күнү болбосо бир күнү жеке менчикке өтүп кетмек» деген пикирин жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM