Биз менен байланышыңыз

«Президент убада кылган ОЧК-2 долбоору быйыл ишке ашпайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Апр 2022 | 374 | 0

Буга чейин президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев: «Чүй каналын айланып өтүүчү курулушту, башкача айтканда, «ОЧК-2″  долбоорун быйыл бүтүрөбүз», — деген, бирок ага акча бөлүнгөн жок. Бул тууралуу мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Айыл чарба министрлигинен кабарлагандай, «ОЧК-2» долбооруна быйыл каражат бөлүнбөй калган, 2023-жылы бөлүнүшү мүмкүн.

«Жогорку деңгээлде мамлекет башчы, УКМКнын төрагасы түз эфиринде: «Акча бөлүнөт, быйыл бүтөт», — деп айтты эле, бирок бөлүнгөн жок. Демек, дыйкандар дагы кайналат деп билсек болот. Эгерде «ОЧК-2» долбоорун салса, мультипликативдик эффект кандай болот? Ошол БЧКга азыр бир секундда 60 куб суу кирип жатса, бул 140 кубга чейин көтөрүлүшүнө мүмкүнчүлүк болот. БЧКга эки эседен ашыгыраак суу берилип, аны эң алыскы Панфилов районуна чейин жеткизгенге мүмкүн болот эле. Азыр кайра чоюлуп жатат», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM