Биз менен байланышыңыз

Лейлектин эли: Суу жок, эгинибиз күйүп кетмей болду

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 1130 | 0

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундары сугат маселесинен улам айыл чарба министрине кайрылуу жасашты.

Жергиликтүү тургундар айыл өкмөттү суу менен камсыздаган насостук станциянын 4 метр түтүгү жарылып, суу тартыш болуп жатканын, маселе тезирээк чечилбесе, дыйкандар быйылкы түшүмдөн кол жууп калышарын айтышат.

«Биздин климат өтө ысык келет. Ансыз деле жыл сайын сугат суу тартыш. Бирок быйыл түтүк жарылып, аны бүтөгөн менен суунун басымы аз болуп, сугат мезгили өтүп баратат. Биз бул маселе боюнча райондун акимине, облус губернаторуна кайрылдык. Азырынча майнап чыга элек. Эми айыл чарба министрине кайрылып, биздин сугат суу көйгөйүбүздү чечсе дейбиз. Анткени марттын аягында сугарыла турган эгинге азыркыга чейин суу бериле элек. Буудайларыбыз күндүн ысыгынан баш ала баштады», — деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле дыйкандар мамлекеттен Өзбекстандан келген буудай үрөнүн себишкенин, эгер түшүм алынбай калса, насыя төлөө да оор болорун белгилешет.

Кайрылуунун толук видеосу:

Быйыл сугат суу былтыркыдай тартыш болбойт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM