Биз менен байланышыңыз

Быйыл сугат суу былтыркыдай тартыш болбойт

Коом , Экономика | 14 Апр 2022 | 2177 | 0

Суу тартыштыгы дыйкандарды бир топ түйшүккө салат. 2021-жылы жай айы кургакчыл болуп, сугат учурунда көптөгөн кыйынчылык жаралган. Түшүм күткөндөн бир топ эле аз алынган. Айыл чарба министрлиги быйыл суу былтыркыга салыштырмалуу кенен болорун айтууда. Себеби былтыр даярдык март айынан башталса, быйыл ноябрдан башталганын жүйө келтиришет. 

Ушул күндөрү айдоо-себүү түштүктө кызуу жүрүп жаткан чагы. Баткен шаарынын тургуну, дыйкан Каныбек Жолдошбеков быйыл жазгы талаачылык эрте башталганын айтты. Анын айтымында, суу чарба жумушчулары каналдарды тазалап жатышат. Ал канчалык деңгээлде даярдалганы дагы бир айдан кийин белгилүү болот.

«Талаага арпа, жүгөрү, помидор айдадык. Суу чарба жумушчулары каналдарды тазалап, аракет жүрүп жатат. Канчалык деңгээлде жетиштүү болот, канчалык деңгээлде туура пайдаланылат, бул жаатта дыйкандарды окутуудан өткөрүү зарыл деп ойлойм. Анткени туура сугарууну билбесе, түшүм ойдогудай алынбай калат. Суу тартыштыгы, молдугу бир айдан кийин белгилүү болот. Канчалык жетиштүү, ошондо гана айта алабыз».

Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеев быйыл кыш кургакчыл болсо да, суу тартыштыгы жаралбасына ишеним артып, ага бир катар факторду мисал келтирди.

Кыргызстанда 1.2 млн гектар айдоо аянты бар. Учурда аны 6 миң гектарга көбөйтүү пландаштырылып жатат.

«Март айында жаан-чачын көп болду. Муну менен жердин нымдуулугу нормада сакталды. Ар кайсы аймакта ар кандай, бирок абал жаман эмес. Көп райондо нымдуулук жакшы. Ноябрь айынан тарта даярдык иштери башталган. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына суу бериле баштады. Чүй, Талас, Ысык-Көлдө сугат жапырт баштала элек. «Суу тартыш болбойт» деп, 100% кепилдик бере албайбыз. Ал климатка да байланыштуу, бирок аракет көрүлүп жатат. Кыргызстанда 1.2 млн гектар айдоо аянты бар. Анын 260 гектарына суу сактагычтардан берилет. Бул — ушул жерлерге сууну толук кандуу бере алабыз дегендик. Калган 75%ын аба ырайына жана сууга карап, цикл деп коюшат. Суу тартыш болуп калат. Ным болот, же кайра көбөйүп, азайып турат. Мисалы, былтыр абдан оор болгон. Жердин нымдуулугу да аз болгон. Жүз миллиметрден ашкан жок. Жаан-чачын да болгон жок. Буга байланыштуу кышы менен ным топтоо иштери жүргүзүлүп, даярдык көрүлдү. Былтыркыдай болбойт. Бирок дарыяларда дефицит бар. Аны кантип жоёбуз? Алгач суу сактагычтарды куруу керек. Каналдарды тазалоо жүрүп жатат. Ал эми ички чарбада болсо, дагы да каналдарын тазалоо зарылчылыгы бар. Сууну бергенде айыл өкмөттүн же чек аранын аягына чейин жеткирилип, бөлүнүп берилет. А айылдын ичинде болсо, өздөрү бөлүшүп алат».

Анткен менен сугат мезгилинде суу жетиштүү болору күмөн жаратат. «Кыргызленд» экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова сугат маселеси актуалдуу бойдон калып жатканын белгилейт. Анын айтымында, өкмөттүн «айыл чарбага каражат бөлдүк» дегени — кубантарлык көрүнүш. Бирок көбүнчө айтылган маалыматтар менен аткарылып жаткан аракеттер дал келбейт.

«Дыйкан үчүн жаздын ар бир сааты маанилүү. Айрымдары үрөн толук жете электигин айтып жатышат. Андан сырткары техниканын жетишсиздиги жаралып жатат. Суу тартыш болобу, кенен болобу, азык-түлүк коопсуздугун канчалык камсыздай алабыз, аны убакыт көргөзөт. Фермерлер быйыл да өздөрүнүн аракетин жана активдүүлүгүн көргөзүп жатышат. Ага карабай көйгөйлөр бар. Мисалы, насыя тарыхы, баяндамасы жакшы болбой калса, үрөн берилбей турганы айтылды. Буга чейин сөз болгон эмес эле. «Насыянын баяндамасына каралбайт. Үрөн алам деген дыйкандын баарына үрөн берилет» деген сөз болгон. Тилекке каршы, «Айыл банктын» баяндамасында бул маселени жокко чыгарып жатат. Демек, уюштуруу иштеринин чабалдыгынан кабар берет. «Суу тартыштыгы болобу, болбойбу?» деген маселеге айрым дыйкандар арасында болот деген пикирлер бар. Айыл чарба министрлиги кургакчылыкка даяр болуу керектигин кыш айларында айтып койду. Албетте, бул болжол деп эле ойлойбуз. Эгерде чын эле кургакчыл боло турган болсо, министрлик алдын ала чараларды, стратегиялык пландарды иштеп чыгат деп ойлойбуз. Эске алышар. Аны да мезгил көрсөтөт. Андыктан дыйкандарга жаз мезгилдеги колдоо өтө зарыл».

Айыл чарба маселелери боюнча эксперт Бакытбек Мамытканов министрлик мурун жөн гана статистиканы эле көрсөтүп жүргөн болсо, азыр реалдуу иштер жүрө баштаганын айтты. 2021-жылы суу тартыш болгондуктан бир топ көйгөй жаралган. Буга байланыштуу быйыл кышы бою аракет көрүлдү. Жылдагыга салыштырмалуу түшүм мол болору күтүлүүдө.

«Жазгы талаа иштеринин абалы аябай жакшы деп ойлойм. Себеп дегенде кышы менен эле мына арыктарды, каналдарды тазалап чыгышты. Өзүм жеке көрүп, күбө болдум. Андан тышкары отуз жылдан бери биринчи жолу өкмөт чоң каражат бөлүп берди. Дыйкандарды селитра жана жер семирткичтер менен камсыз кылынып жатат. Андан тышкары 25 миң тоннадай үрөн берди. Арпа жана буудай аймактардагы дыйкандарга акырындап жеткизилүүдө. Жеке пикиримде, Айыл чарба министрлиги алгылыктуу иштерди жасап жатат».

Статистикалык маалыматтар боюнча, өлкө рыногунун 70%ын импорттук товар ээлейт. Анын ичинен күнүмдүк азык-түлүктүн, тамак-аштын басымдуу бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келет. Соңку кырдаалга байланыштуу Орусия, Казакстан айрым айыл чарба өндүрүмдөрүнө чектөө киргизгенин расмий жарыялады. Мындан улам Кыргызстанда каатчылык жаралбашы үчүн дыйкан-фермерлер көбүрөөк аракет кылышы керектиги белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM