Биз менен байланышыңыз

Атамбаев №27 түзөтүү мекемесине которулду

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 191 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесине которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Атамбаев буга чейин саламаттыгына байланыштуу №47 колонияга которулган.

Маалыматка караганда, аны кан басымы, грыжа жана башка оорулары бар.

Ушул күндөрү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы октябрь окуяларына байланыштуу сот отурумдары өтүүдө. Ага Атамбаевди да алып келип жатышат. Бирок Атамбаев ден соолугуна байланыштуу отурумдарга катыштырбоону өтүнгөн, ал өтүнүчү жактырылган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM