Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстандын экс-президенти Түрк Кеңешинин аксакалы болду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2022 | 307 | 0

Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедов түрк тилдүү өлкөлөрдүн Аксакалдар кеңешине мүчө болду. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.

Түркмөнстандын Халк Маслахаты улуу жыйынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов эми Түркмөнстандын атынан Түрк Кеңешинин Аксакалдар кеңешинин расмий мүчөсү болду. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кеңеши Бердымухамедовдун Аксакалдар кеңешине мүчө болуусу, уюмдун баалуулуктарына салым кошот деп эсептейт.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын ноябрында Түркмөнстан Түрк Кеңешине байкоочу катары кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM