Бишкек шаарынын айрым райондорунда 18-22-апрелде жана 25-29-апрелде жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан кабарлашты.
Жер алдындагы газ өткөргүчтөрдөн газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым жерлерде газ берүү токтотулат.
18-апрелден 22-апрелге чейин — Бишкектеги Толстой, Горький, Жукеев-Пудовкин, Ибраимов, Байтик баатыр көчөлөрүндө, «Автомаш Радиатор» ЖЧКда, Матросов, 1а дарегиндеги «Алькони» ЖЧКда, Матросов, 1в дарегиндеги «Санкейп» ЖЧКда, Жукеев-Пудовкин, 41 дарегиндеги «Байтур» ЖЧКда;
25-апрелден 29-апрелге чейин — №1 Мамлекеттик резиденцияда, Орто-Сай жана Чоң-Арык айылдарында, «Bravo» коттедждик шаарында, Ала-Арча-1, 2 жана Совмин шаарчасында, Ынтымак конушунда га өчүрүлөт.