Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан: Ооруп көз жумгандардын 50%ы жүрөк-кан тамыр, кан басымдын айынан кетет

Кыска кабар | 17 Апр 2022 | 435 | 0

Кыргызстанда ооруп көз жумгандардын 50%ы жүрөк-кан тамыр, кан басым ооруларынын курмандыгы болууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, буга кыргызстандыктардын туура эмес тамактануусу да бир себеп болууда. «Химиялык консерванттар, жыт бергичтер, боёктор, канцероген начар сиңирилген транс майлар, кофеин, даам күчөтүүчү заттар (натрий глутоматы), ГМО кошулмалары бар азыктарды көп колдонуп, балдарыбыздын ден соолугуна зыян келтирип жатабыз. Зыяндуу тамак-аш көптөгөн өнөкөт ооруларга алып келет: диабет, гастрит, ашыкча салмак, жүрөк-кан тамыр ооруларына, зат алмашуунун бузулушуна, иммунитеттин төмөндөшүнө, залалдуу шишиктердин пайда болушуна жана муун, сөөк ооруларына, организмдеги пайдалуу элементтерди жууп кетишине жеткирет», — деп кошумчалайт Бектурганов.

Ошондой эле Улук-Бек Бектурганов жугуштуу эмес оорулардын толук алдын алса болорун эскертип, жашоо образын өзгөртүп, анын ичинде көп кыймылдап, туура тамактанып, зыяндуу адаттардан арылуу керектигин кеңеш берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM