Биз менен байланышыңыз

Талапты аткарбаган медициналык окуу жайлар абитуриент кабыл алышпайт

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 2068 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медициналык жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушту.

Жыйында медициналык билим берүүнүн сапатын көтөрүү маселеси талкууланып, бир канча талаптар коюлду:

  • Саламаттыкты сактоо министрлиги берүүчү № 6 формага байланышкан талаш маселелерди чечүү чараларын көрүү;
  • 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөттөгү эл аралык программалык аккредитациядан өтүү;
  • окутуучулардын 1,75 чен-өлчөмдөн ашпоого тийиш болгон окуу жүктөмү боюнча талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө;
  • профессордук-окутуучулук курамдын окуу жүктөмү тууралуу маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгына берүү;
  • жогорку окуу жайды клиникалык база (көп профилдүү клиника) менен камсыздоо маселесин чечүү;
  • алыскы чет өлкөдөн келген студенттердин окуу акысын жылына 3 миң АКШ долларынан кем эмес өлчөмдө бекитүү;
  • китепканаларды англис тилиндеги жаңы окуу китептери менен камсыздоо.

Муну менен катар ректорлорго профессордук-окутуучулук курамдын англис тилин төмөнкүдөй деңгээлде билер-билбесин текшерүү, эгер билбесе милдетүү түрдө үйрөтүү талабы коюлду:

  • TOEFL IBT – 55 балл;
  • TOEFL ITP – 460 балл;
  • TOEFL Essentials – 5 балл;
  • TOEIC Reading and listening – 550 балл;
  • TOEIC Speaking and Writing – 240 балл;
  • IELTS – 5.5 балл.

Бул протоколдук тапшырмалар 15-июнга чейин аткарылып, министрликке отчёт берилүүгө тийиш. Эгер андай болбогон учурда медициналык жогорку окуу жайлар жаңы окуу жылына абитуриент кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылат.

Учурда өлкөдө медициналык адистерди даярдоо программасын жүргүзгөн 6 мамлекеттик, 17 жеке менчик (жалпы 23) жогорку окуу жайы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM