УКМК жана Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы баңгизат сатууга жана колдонууга шектеп, Коргоо министрлигинин кызматкерлерин кармады.
Кызматкерлер бир нече убактан бери Бишкек шаарынын аймагында баңгизат сатып жүрүшкөнү аныкталган.
Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү менен козголгон ишти иликтөөнүн жүрүшүндө прапорщик К.А.Ж. жана ефрейтор Б.Н.К. кармалган.
Учурда шектүүлөр Бишкек аскер горнизонунун камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.