Марал Радиосу

Коргоо министрлигинин кызматкерлери баңгизат сатууга шектелүүдө

УКМК жана Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы баңгизат сатууга жана колдонууга шектеп, Коргоо министрлигинин кызматкерлерин кармады.

Кызматкерлер бир нече убактан бери Бишкек шаарынын аймагында баңгизат сатып жүрүшкөнү аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү менен козголгон ишти иликтөөнүн жүрүшүндө прапорщик К.А.Ж. жана ефрейтор Б.Н.К. кармалган.

Учурда шектүүлөр Бишкек аскер горнизонунун камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Exit mobile version