Биз менен байланышыңыз

Президент «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 444 | 0

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу жолу менен максималдуу пайдага жетүү, туруктуу өнүктүрүү жолу менен улуттун бакубаттыгын жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана коррупцияны минималдаштырууга багытталган. Мында, мамлекеттик сатып алуулардын 4 методу (чектелбеген, чектелген, котировкаларды сурап алуу, бир булактан алуу) каралган.

Мындан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле баштапкы капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун сатып алуулары Мыйзам тарабынан жөнгө салынбай турганы белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM