Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү млрд долларга жетти

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 584 | 0

Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинен кабарлашкандай, акыркы 5 жылда Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы сооданын көлөмү 5 эсеге өсүп, 2021-жылы 950 миллион АКШ долларына жеткен.

Учурда ич ара соода көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлду. Бул боюнча Өзбекстандын соода министри Сардор Умурзаков президент Садыр Жапаров менен жолугушууда айтты.

Инвестициялык чөйрөдө да олуттуу жылыштар байкалганы белгиленип, эки өлкө ортосундагы инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн катализатору болууга багытталган Өзбекстан-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун расмий ачылышын кубатташты.

Белгилей кетсек, кечээ 14-апрелде кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болуп өттү. Ага Өзбекстан 2 млн доллар салды. Дагы 48 млн доллар жакын арада салына турганы айтылды.

Жазган: Айкүмүш Кеңешбек кызы

Copyright © 2017 Maral FM