Биз менен байланышыңыз

«Каттоого алынбаган жарандар апрелдин аягында катталат»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Апр 2022 | 391 | 0

Азыркы тапта көпчүлүк эл каттоонун биринчи этабында катталбай калганын айтышып, Call-борборго чалып жатышат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда да колдонуучулар каттоого ар кандай себептерден улам катышпай калганын жазышкан.

Бул жарандар Улуттук статистика комитетинин Call-борборуна байланышып, дарегин калтырса, экинчи этап башталганда дароо каттоого алынат.

«Бизге азыркыга чейин жарандар: «Мен катталбай калдым, мага эч ким келген жок», — деп кайрылып жатышат. Негизи жарандардын каттоого алынбай калышына түрдүү себептер бар: үйүндө эч ким жок болуп калган, эшикти ачпай коюшкан,  каттоочу өзүнө берилген аймакты толук кыдырган эмес жана башка. Эгерде жарандар бизге кайрылса, экинчи этап башталганда сөзсүз барып каттап кетебиз», — деди ал.

Эл жана турак жай фондун каттоо кампаниясынын экинчи этабы 23-апрелде башталып, 2-майга чейин созулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM