Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Тажикстандын президентине каршы митинг өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 482 | 0

Бүгүн, 14-апрелде Бишкек шаарындагы Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акыркы чек арадагы окуяларга байланыштуу  Эмомали Рахмонго каршы митинг өттү.

Митингге чыккандар чек ара такталып, маселе чечилүүсүн, чек арага жакын аймактарда коопсуздук орнотулушун, Рахмондун бийликтен кетүүсүн талап кылышты.

Ошондой эле алар кыргыз бийлигин дагы кол салууларга убагында реакция кылып, маселени чечүүнүн бир канча инструменттерин колдонууну талап кылышты.

Тынч митинг саат 12:00дө башталып, 12:50дө аяктады.

Copyright © 2017 Maral FM