Connect with us

Президенттин иш башкармалыгы «Манас айылынын» жери боюнча үн катты

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 400 | 0

Президенттин иш башкармалыгы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин жери боюнча билдирүү таратты. Анда айтылгандай, буга чейин кабыл алынган чечимге ылайык, учурда «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекстин курулушу башталууда.

«Манас айылынын» жери Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» ишканасына таандык.

Айылдагы 5 сотых тилке административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатат. Курулуш иштерине тоскоолдук жаралбашы үчүн Манас айылы менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмо алып ташталган.

Курулуштун жүрүшүндө «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт. Мындан тышкары келечекте комплекстин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү каралууда.

12-апрелде манасчы Дөөлөт Сыдыков бир нече айдан бери «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин жерине кызыккан топ пайда болгонун айтып чыккан. Ал топ «Манастын айылын» кайра куруу жана руханий борборго айлантуу иштерине тоскоол кылып жатканын билдирген.

«Манастын айылы, «Ысык- Көл» мейманканасына чектеш болгондуктан учурда  мейманканасын бузуп, кайра куруп жаткан компания Манас айылынын жерин ээлеп алуу максатында тосмолорду бузуп мыйзамсыз аракеттерди баштады. Бүгүн 12.04.2022 түштөн кийин Президенттин иш башкармачылыгынын жетекчиси Баатырканов Тилек менен жолугуп, эскиздик долбоорун көрсөтүп, Манас айылын кайра курууну жана тарыхый жердин Манаска гана калышы керектигин айттым. Бирок, ишти тетири кылып, жумуш убактысынан кийин Манас айылынын тосмосун буздуруп баштады», — деп билдирген манасчы.

Copyright © 2017 Maral FM