Биз менен байланышыңыз

Тамтыгы чыккан жолдорго Акылбек Жапаровдун ысымын берүү сунушталды (видео)

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 1382 | 0

Өлкөдөгү тамтыгы чыккан жолдорго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ысымы берилиши керек. Мындай пикирин депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында билдирди.

Депутат мындай демилгени жергиликтүү эл көтөрүп жатканын айтты.

«Жумгал, Ак-Талаа райондорунун жолдору качан оңолот? Барып эле 3-5 км жолду оңдоп кетишет, андай кыла берсе, бул жол 40 жылда салынып бүтөт. Ошол үчүн ал азыр мындай демилге көтөрүлүп жатат, «Жумгалдагы жыртылган, тамтыгы чыккан жолго Жапаровдун атын берели», — деп жатышат. Акылбек Жапаровдун аты ушундай жолго татыктуу болот. Мурда жаңы жолдорго ат берилип келсе, азыр тешилген жолдорго ысым берели. Бул — элдин демилгеси», — деди Мирлан Самыйкожо.

Андан тышкары Кочкор районундагы жайыт маселесин көзөмөлдөп коюуну өтүндү. Анын айтымында, бийлик барып, кур убада берип, тил эмизип кетип кала бергендин кесепетинен элдин маселеси жеринен чечилбей келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM