Биз менен байланышыңыз

Маткеримов: Спортту Маданият министрлигинен бөлүүнү суранып жатышат

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 239 | 0

Спортчуларыбыз Дене тарбия жана спорт департаментин Маданият министрлигинен бөлүп, өз алдынча агенттик кылууну өтүнүп жатышат. Бул тууралуу депутат Айбек Маткеримов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Маданият министрлигине бириктирилгенден тарта спорт тармагына бөлүнө турган бюджет азайып, көңүл буруу да мурункудай болбой калган. Эгер мындай мамиле улана берсе, мындан ары да ийгиликтерди жарата албай калуу, 2024-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына барбай калуу коркунучу бар.

Депутат бул маселени оң жагына чечип берип коюуну президенттин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовдон суранды.

Дагы бир эл өкүлү Тазабек Икрамов Кыргызстандын балбандарына акча бөлүнбөй, Монголияда өтө турган Азия чемпионатына кете албай турушканын айтып чыкты. Ал бул боюнча бир жума мурун эле протоколдук тапшырма берилгенин белгилеп, маселени дароо чечүүнү талап кылды.

Айта кетсек, президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик түзүмдөргө реформа жүргүзүү демилгесинин негизинде мурдагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бириктирилип, Дене тарбия жана спорт департаменти болуп кайра түзүлгөн. Буга спортчулар убагында нааразычылыгын билдирип чыгышкан.

Спортчулар спорт агенттигин департамент кылууга каршы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM