Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз-тажик чек арасы чечилбесе, Украинадан да жаман болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Апр 2022 | 937 | 0

Кыргыз-тажик чек арасы жакын арада чечилиши керек. Себеби азыр ай сайын жаңжал чыга баштады. Бул тууралуу коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча мурдагы вице-премьер-министр, мурдагы акыйкатчы Токон Мамытов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, абал курчуп баратат, аягы согуш менен бүтүшү мүмкүн.

«Азыркы өкмөттүк комиссия мындан ары абалды курчутуп ийбөө үчүн алдын ала чараларды көрүшү керек. Эгерде курчуп кетсе, жеке кыргыз менен тажик «тытышпай», бүт Фергана өрөөнү көтөрүлүп, өрт чыгышы мүмкүн, анда Украинадан да жаман болот. Муну дүйнө жүзү да билип турат», — дейт ал.

Бул жерде саясий, экономикалык, аскердик, маданият, регионалдык ыкмаларды колдонуу керек деп эсептейт Мамытов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM