Биз менен байланышыңыз

«Өлкөдөгү тез кадрдык алмашуулар чек ара маселесине тоскоол болуп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Апр 2022 | 316 | 0

Кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө кадрдык саясат тоскоол болуп жатат. Бул тууралуу коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча мурдагы вице-премьер-министр, мурдагы акыйкатчы Токон Мамытов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү кадрдык алмашуулар жакшы натыйжа бербей, чер ара маселесин чечүүдө да майнап чыкпай турат.

«Мисалы, чек ара кызматына жаңы жетекчи келип иштей баштады. Ал 500 же 100 жыл мурун болгон материалдарды, малыматтарды окуп чыгып, баарын таанып, программаны иштеп чыгып, сунуштарды берип, ачык, жабык жыйындарды өткөрүп иштей баштаганда, бийлик алмашат. Бийлик алмашканда аталган кызматкер анын ордуна келгенге эч нерсе калтырбай кетет. Жаңы келген жетекчи «өзүмдүн командамды алып келем» деп, буга чейин иштеп жүргөн, билген катардагы кызматкерлерди жумуштан алып салып жатпайбы. Бул маселе бардык жерде бар», — деди ал.

Мамытов чек ара аскерлери өзүнүн милдеттерин так аткарып жатканын баса белгилеп, жогоруда айтылган сөздөр чек ара комиссиянын мүчөлөрүнө, топографиялык жумушчу топко, Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерине, өкмөттүн аппаратынын, коопсуздук кеңешинде иштеп жаткан кызматкерлерге тиешелүү экенин айтып, буларды сактап калуу зарылчылыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM