Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда абал туруктуу

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 196 | 0

Бүгүн, 14-апрелге карата Баткен облусунун аймагында жалпысынан абал туруктуу. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Учурда күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев, чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жана УКМК төрагасынын орун басары Айбек Шаменов Лейлек районунда өз иштерин алып барышууда.

Copyright © 2017 Maral FM