Биз менен байланышыңыз

«Жашыл мурас» интернет порталын ар бир жаран колдоно алат

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Апр 2022 | 263 | 0

Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында быйыл «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү башталды.

Буга байланыштуу 12-мартта президент Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында көчөт отургузуу иш-чарасына катышкан. Ага эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү да барган. Учурда өнөктүк өлкөнүн бардык аймагында уланып жатат. Мындан ары жыл сайын 5-6 млн көчөт отургузуу пландалууда.

Президенттик администрациянын бөлүм башчысы Азамат Темиркулов «Маралдын» эфиринде «Жашыл мурас» интернет порталы ишке киргенин маалымдады,

Порталда карта болуп, ал аркылуу сезон аяктаганда көчөттөрдүн канчасы көктөгөнү, канчасы куурап калганы, сугаруу иштери да көзөмөлгө алынат.

«Бизде көчөт тигип, бак-дарак отургузуп, бирок аны карабай, сугарбай да койгон учурлар толтура. Бак-даракты отургузуп эле койбой, аны унутпай багуу, убагында сугарып туруу керек. Мындан улам «Жашыл мурас» интернет порталы иштелип чыкты. Мамлекеттик орган, жергиликтүү бийлик жана жеке жактар отургузган бактын саны, анын түрү тууралуу маалыматтарды толук Айыл чарба министрлигине ар бир айдын бешине чейин бериши керек. Андан кийин ал маалымат порталга жүктөлөт. Отургузулган көчөттү мониторинг кылуу үчүн интернет портал иштелип чыккан. Ар бир жаран да бак отургузса, аны интернет порталга жүктөп койсо, баарына көрүнөт», — деп түшүндүрдү Темиркулов.

Сайтта ошондой эле көмүртекти азайтуунун онлайн калькулятору бар. Ал бак-дарактын түрүнө жана санына жараша көмүртектин абадагы көлөмүн чыгарып берет. Эгер жеке уюмдар же адамдар белгилүү жерге бак отургузууну каалап, арыз калтырса, Мамлекеттик токой кызматы логистика маселесин чечет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM