Биз менен байланышыңыз

Чек арада түн тынч өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 196 | 0

Бүгүн, 13-апрелге карата кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Түн тынч өткөн, атышуу болгон жок. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Түнкү саат 03:00дөн 03:55ке чейин Кыргызстандын «Кулунду» жана Тажикстандын «Овчи-Калача» көзөмөл-өткөрүү бекетинен Баткен облусу менен Согди облусунун жетекчилери жолугушту.

Андан тышкары сүйлөшүүгө эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин, укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Тараптар төмөнкүдөй макулдашууларга барышты:

— туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күчтөрдүн жана каражаттардын чыгарылышын көзөмөлдөө боюнча чечим кабыл алынды. Ошол замат кошумча өздүк курам, аскердик техника, курал-жарактар чыгарылган.

— бүгүн, 13-апрелде саат 11:00дө Баткен облусунун Лейлек районундагы Селкана айылында окуя болгон жерде эки өлкө өкүлдөрүнүн кеңейтилген курамдагы жолугушуусун өткөрөт.

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM