Биз менен байланышыңыз

Абиров: Мектепке электрондук каттоо иши жүрбөй жатат

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 321 | 0

Балдарды мектепке электрондук каттоо башталганы менен жүрбөй жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жыйынында Жаныбек Абиров айтты.

Ал Билим берүү жана илим министрлигинен өкүлдөрдү парламентке чакырып, маалымат алууну өтүндү.

Депутаттын маалыматы боюнча, жаңы окуу жылында 153 миң бала 1-класска барат. Ошол эле учурда мектепке каттоо системасына нааразычылыктар көп.

«Башаламандык болуп жатат. Электрондук кезек иштебей жатат, санариптештирүү дейбиз, бирок даярдык жок. Жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүн чакыруу зарыл, алар эмне болуп жатканын түшүндүрүп бериши керек», — деди депутат.

1-класска мектепке электрондук каттоонун жол-жобосу

Кыргызстанда 11-апрелден тарта балдарды мектептерге электрондук каттоо башталган. Ошол эле күнү катталууну каалагандар көп болгон үчүн сайтка күч келип, иштебей калган. Ата-энелер нааразы болуп, министрликке чейин барышкан. Билим берүү жана илим министрлиги, сайтты иштеп чыккан Санарип өнүктүрүү министрлиги маалымат жыйын куруп, баары калыбына келтирилгенин билдиришкен.

Жеке менчик мектептердеги окуу акысын ким көзөмөлдөйт?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM