Биз менен байланышыңыз

1-класска мектепке электрондук каттоонун жол-жобосу

Блог | 8 Апр 2022 | 2780 | 0

11-апрелден тарта балдарды 1-класска кабыл алуу, тагыраагы, мектептерге электрондук каттоо башталат. Бул жыл сайын ата-энелерге түйшүк жаратып келет. Айталы, каалаган мектебинен орун ала албай калат, же электрондук системага кире албай калат, же баласын каттаттуудан кечигип калат, же дагы башка ушул сыяктуу.

Бул жагдайларды эске алуу менен Билим берүү жана илим министрлиги электрондук каттоого бир катар өзгөртүүлөрдү киргизгенин, анын жол-жобосун мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова айтып берди.

— Айнура айым, саламатсызбы? Быйыл каттоонун эрежелери өзгөргөнү айтылды. Бул жолкусунда электрондук каттоо кандай жүргүзүлөт?

— Быйыл мектепке электрондук каттоо эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этап — юридикалык жашаган жери боюнча каттоо. Ал 11-апрелде башталып, июндун соңку жумасында бүтөт. Юридикалык жашаган жери деген — мектеп жайгашкан шаарда катталгандарга тиешелүү. Тагыраагы, эгер сиз документ (паспорт) боюнча Талас же Нарында катталсаңыз, анда балаңызды Бишкектеги мектепке биринчи этап менен каттай албайсыз. Алгач мектепке каттоосу ошол шаарда болгондор гана киргизилет. Бул жерде микроучасток эске алынат. Бишкекте катталсаңыз да, сиз каалаган мектеп менен катталган районуңуз дал келиши керек. Андай болбосо экинчи этапка каласыз.

Экинчи этап — факт боюнча катталгандар. Алар электрондук системага июндан тарта кире алат. Факт боюнча катталгандар — документинде бир жерде катталып, өзү башка аймак же шаарда жашагандар. Аларга июндан августтун аягына чейин убакыт берилет.

— Экинчи этап башталганга чейин ата-эне каалаган мектепте бош орун калбаса, кандай кылышы керек?

— 27-июнда экинчи этап башталат. Сайтка кирип, бош орун бар мектепке гана балдарын каттай алышат. Азырынча башка жол жок. Каалаган мектебинде бош орун жок болуп калса, биз башка мектептерди сунуштайбыз. Толуп калган мектепке барууну каалаган ата-энелер бар. Бул туура эмес. Ошол мектепте орун жок болсо, биз баланы батыра албайбыз. Ата-энелер туура түшүнүшү керек.

— Каттоого үлгүрбөй калгандарга да башка жол сунушталабы?

— Ал эми каттоого үлгүрбөй, мектепке кирүү үчүн керектүү документтерди өз убагында тапшырбай калган, ошондой эле окуу жылы ичинде көчүп келген ата-эне (мыйзамдуу өкүл) бош орун бар мектепти тандап, электрондук каттоо системасы аркылуу катталат.

Мындай учурларда ата-эне атайын комиссияга арыз менен кайрылат. Комиссия толугу менен карап чыккандан кийин балага кайсы жер ыңгайлуу, жакын экенин аныктап, ошол жерге каттайт. Сөзсүз түрдө мектеп табылат. Бала мектепке катталбай, мунун айынан бара албай калган учурлар болбойт.

— Кандай документтер керек?

— Бул жолкусунда сизден документтердин сүрөтү (тиркемеси) талап кылынбайт. Паспорттун көчүрмөсүн, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жашаган жеринен маалымкат тиркөөнүн кереги жок. Болгону ата-энесинин биринин жана баланын документте жазылган маалыматтарын терүү керек. Андан соң атасы же апасынын жана баланын ПИН номерин көрсөтүү зарыл. Бул учурда биринчи этап менен кире тургандарга система көрсөткөн дарекке ылайык, мектепти автоматтык түрдө чыгарат. Эгер ата-эне баланы башка мектепке берүүнү кааласа, анда экинчи этапты күтүшү керек. Ал эми система көрсөткөн мектеп ыңгайлуу болсо, анда ошол эле мектепке бере берет.

Экинчи этапта бир аз башкачараак. Анда деле ата-эненин биринин жана баланын документиндеги (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк) маалыматтар жазылып, ПИН  номер терилет. Бирок бул жерде ата-эне каалаган мектебин тандайт. Эгер ал жакта бош орун калса, микроучастокко карабай киргизүү укугуна ээ болот.

Электрондук дареги (почта) жоктор аны сөзсүз ачышы керек. Бир эмес, экини ачып койсо жакшы болот. Анткени мектеп тууралуу маалымат электрондук почтага келип турат.

— Балдарга жеңилдиктер каралганбы? Кимдерге берилет?

— Үй-бүлөлөрүнүн жашаган жери боюнча аскер кызматчыларынын балдарына (кызмат өтөп жаткан ата-энелер аскердик күбөлүгүнүн сүрөтүн тиркеши керек);

Кыргызстанга көчүп келген кайрылман статусу бар этникалык кыргыздардын балдары (кайрылман статусун тастыктаган документин тиркеши шарт).

Быйыл бул тизмеге мугалимдер кирген. Алар эгер 1-класста окуй турчу баласын өзү иштеген мектепке берүүнү кааласа, анда баланы жашаган жерине карабастан, жеңилдик менен биринчи этапта каттай алат. Бул жалпы билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мектеп мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдарына тиешелүү. Мугалим эле эмес, ошол мектепте кызмат кылгандардын (пол жуугуч, күзөтчү) баарына жеңилдик бериле турганы айтылды.

Эгер өзү иштеген мектепке берүүнү каалабаса, анда башка мектепке экинчи этапта гана каттай алат. Жеңилдик берилген категорияга өзүнчө квота берилет.

— Ата-энелерде (мыйзамдуу өкүлдөрдө) суроо жаралса, кайда кайрылышы керек?

— Электрондук каттоо системасы иштей баштагандан тартып (11-апрель) система боюнча суроо жаралса, ата-энелер 0220 02 21 96, 0220 02 21 83, 0220 02 23 81, 0312 62 05 19 жана 119 кыска номерине чала алат. Адистер баланы мектепке туура каттоону түшүндүрүп беришет.

— Чет жерде жүргөн мекендештерибиз балдарын кантип каттай алат?

— Республикадан тышкары жерде жүргөн ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) бул система аркылуу баланы мектепке каттай алышат. Алардын юридикалык каттоосу болушу шарт. Жол-жобосу жогоруда жазылгандай паспорт, баласынын документиндеги маалыматтарды жазып, ПИН номерин терип, экинчи этап менен тапшыра турган болсо, каалаган мектебин тандоо укугуна ээ.

— «Кезегин жылдыруу үчүн 10 миң сом алган жетекчилер да бар», —  деп былтыр ата-энелер даттанышкан. Эгер ушундай фактылар катталса, кандай чара көрөсүздөр?

— Эгерде жетекчилер акча талап кылган факты болсо кайрылышсын, жеке жоопкерчиликке тартылат. Бул боюнча министрликтин буйругу бар. Учурда система жабык, катталууга мүмкүн эмес. Система 11-апрелде саат 09:00дө ачылат. Эч кандай мектеп директоруна же башка жетекчилерге акча төлөбөй, ата-эне өзү катталса болот. Система ошондуктан жеңилдетилген. Катталганда эч кандай татаалдык жок, система сураган суроолорго жооп берип, маалымат эле киргизет. Суроолор боюнча жогоруда белгиленген номурларга чалуу керек.

— «Сайтка кире албай койдум. Бир фирма 1000 сомдон алып каттайт экен», — деп социалдык тармактарга жазгандар да бар экен. Ушундай фирмалар менен сиздер да иш алып барасыздарбы? Электрондук каттоону бизнеске айланткандар бош орундарды ээлеп алып, карапайым элге орундар жок калганы да ушундан чыкпай элеби? Бул фирмалар менен кантип күрөшөсүздөр?

— Андай фирмаларды аныктоо министрликтин функциясына кирбейт. Ата-энелер өз каалоосу менен кайрылып жатышса керек, ошондуктан андай кайрылуулар болгон эмес. Тилекке каршы, айрым ата-энелер эскиче эле тааныш издеп жүрсө керек. Баланы электрондук каттоо аркылуу 1-класска киргизүүдө адамдык фактор максималдуу түрдө алынды. Бул жерде система жана ата-эне. Директордун эки эле функциясы бар: жеңилдик берилген аскер кызматкерлеринин, кайрылмандардын жана мугалимдердин иштеген жеринен справканы эле системадан текшерет жана каттоодон өткөндөн кийин 1-августан 10-сентябрга чейин документтерди кабыл алат. Ушул эле.

Маегиңизге чон ырахмат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM