Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Эки тараптын облус жетекчилери «Кулунду» бекетинде жолугушту

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 1595 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы «Кулунду» өткөрүү пунктунда эки тараптуу сүйлөшүү болду.

Жолугушуу түнкү саат 03:00дө башталып, 04:00дө аяктады.

Анда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев баштаган облустук күч түзүмдөрүнүн башчылары Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода, чек ара кызматынын башчысы жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч.

Copyright © 2017 Maral FM