Биз менен байланышыңыз

Баткен: Тараптар кошумча аскер техникаларын чек ара тилкесинен алып кете баштады

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 533 | 0

Лейлек районундагы Кыргыз-Встреч аймагында Чек ара кызматынын Баткен облусундагы башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын Чек ара аскерлигинин Согдий облусундагы башчысы Хикматулло Пираков жолугушту. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кошумча күчтөрдү жана куралды аймактан чыгарып кетүү макулдашылды. Тараптар чатак чыккан жерден аскерлерин, техникаларын алып кете баштады.

Саат 24:00гө алынган маалымат боюнча, чек арада абал тынчыды, бирок чатак кайра чыгып кетүү коркунучу бар.

Эки тараптын чек ара өкүлдөрү Тажикстандын «Овчи Калача» бекетинде сүйлөшүүлөрдү улантып жатышат.

12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Тажик чек арачылары Лейлек районунун Селкана жерлигине келишип, эскертүүлөргө карабастан, Кыргызстандын аймагына 20 метрдей кирип кетишкен. Андан соң тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларына карай ок чыгарышкан.

Саат 21:17 чамасында эки тараптын жетекчилиги сүйлөшүп жаткан учурда тажикстандык чек арачылар Кыргызстан тарапка ок чыгарып, 30 мүнөттөй атышып турушкан. Андан Чек ара кызматынын 2 аскери жарадар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM