Биз менен байланышыңыз

Эми Баткен районунда. Тажик тарап маал-маалы менен ок чыгарууда

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 2056 | 0

12-апрель саат 23:15ке карата кыргыз-тажик чек арасында атышуу толук токтой элек. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.

Тажик тарап Лейлек районундагы Достук айылына миномёт менен аткылоону токтоткон. Бирок атышуу саат 22:50дөн тарта Баткен районундагы Радар-1 тилкесинде уланууда. Тажик аскерлери кезек-кезек ок чыгарып жатышат.

Мындан сырткары кыргыз чек арачылары тажиктер чыр чыккан аймакка кошумча аскер күчтөрүн алып келе жатканын аныктаган. Учурда абалды көзөмөлдөө үчүн Чек ара кызматынын башчысы, генерал-майор Уларбек Шаршеев окуя болгон жерге барды.

УКМК абалды жайгаруу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.

Чек арадагы атышууда кыргыз аскери жаракат алды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM