12-апрель саат 23:15ке карата кыргыз-тажик чек арасында атышуу толук токтой элек. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.
Тажик тарап Лейлек районундагы Достук айылына миномёт менен аткылоону токтоткон. Бирок атышуу саат 22:50дөн тарта Баткен районундагы Радар-1 тилкесинде уланууда. Тажик аскерлери кезек-кезек ок чыгарып жатышат.
Мындан сырткары кыргыз чек арачылары тажиктер чыр чыккан аймакка кошумча аскер күчтөрүн алып келе жатканын аныктаган. Учурда абалды көзөмөлдөө үчүн Чек ара кызматынын башчысы, генерал-майор Уларбек Шаршеев окуя болгон жерге барды.
УКМК абалды жайгаруу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.