Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 279 | 0

Бүгүн, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.

Тажик чек арачылары Лейлек районунун Селкана жерлигине келишип, эскертүүлөргө карабастан, Кыргызстандын аймагына 20 метрдей кирип кетишкен.

Андан соң тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларына карай ок чыгарышкан.

Учурда эки тараптын жетекчилери сүйлөшүү жүргүзүп, атышуу токтогону кабарланды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кыргыз тараптан жаракат алгандар жок, Тажикстандын бир аскерине ок тийген.

Азыркы учурда Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи тилкесинде чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат.

Саат 21:20га карата кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт.

УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Copyright © 2017 Maral FM