Биз менен байланышыңыз

УКМК: Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп турат

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 609 | 0

Бүгүн, 12-апрель кечки саат 20:00 чамасында кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду. Учурда Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Учурда эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү сүйлөшүп, атышууну токтотушту. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыргыз тараптан жабыркагандар жана жаракат алгандар жок, Тажикстандын бир аскерине ок тийген.

Ушу тапта Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушууга келишти.

Саат 21:20га карата абал тынчыраак, Чек ара кызматы көзөмөлдөп турат.

Бүгүн, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Тажик чек арачылары Лейлек районунун Селкана жерлигине келишип, эскертүүлөргө карабастан, Кыргызстандын аймагына 20 метрдей кирип кетишкен. Андан соң тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларына карай ок чыгарышкан.

Copyright © 2017 Maral FM