Биз менен байланышыңыз

Эрлан Абдылдаев Тажикстанга элчи болду

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 559 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Эрлан Абдылдаев ушул жылдын февраль айына чейин Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматын аркалап келген. 2012-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри болгон.

Эрлан Абдылдаевдин эмгек тажрыйбасы:

  • 1989-жылы — СССР Тышкы иштер министрлигинин референти, Социалисттик Азия өлкөлөрү боюнча башкармалыгы;
  • 1989-1994-жылдары — СССР элчилигинин атташеси, 3-катчысы, Орусиянын Кытайдагы элчилигинде кызматкер;
  • 1994-1997-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын эл аралык бөлүмүнүн референти, консультант-эксперти;
  • 1997-1998-жылдары — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин департаментинин мүдүрүнүн орун басары;
  • 1998-2001-жылдары — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, биринчи орун басары;
  • 2001-2005-жылдары — Кыргызстандын Кытайдагы элчиси;
  • 2001-2005-жылдары — Кыргызстандын Монголиядагы, Сингапурдагы жана Таиланддагы элчиси.
  • 2005-2007-жылдары — Коомдук саясат институтунун эксперти;
  • 2007-2012-жылдары — Кыргызстандагы согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун мүдүрү;
  • 2012-2018-жылдары — Тышкы иштер министри.

Copyright © 2017 Maral FM