Биз менен байланышыңыз

Коргоо министрлиги пенсия реформасы боюнча Соцфондго жооп берди

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 2548 | 0

Коргоо министрлиги Социалдык фонддун азыркы учурда «иштеп» жана пенсия алып жаткан аскер кызматчыларына пенсия төлөөнү жокко чыгаруу жөнүндө демилгесин максатка ылайыксыз деп эсептейт.

Маалыматта аскер кызматчылары «иштебейт», кызмат өтөйт деп айтылат. Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамынын 80%ы катаал климаттык жана бийик тоолуу шарттарда өзүн да, жакындарын да аябастан кызмат кылып, ошол эле учурда Кыргызстандын жарандарынын тынч жашоосун камсыздап келишет.

Экинчиден, аскер кызматчыларынын пенсияга чыгуу мөөнөтү аскер кызматчысынын каалоосу менен эмес, Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик-укуктук актылары менен аныкталган. Аскер кызматчыларынын кызмат убактысы 10-12 саат, ал эми кээ бир учурда суткасына 24 саат убакытты камтыйт. Мындан тышкары, өздүк курамдын кээ бир бөлүктөрү демалыш жана майрам күндөрүн да кызматта өткөрүшөт.

Кыргыз аскер кызматчыларынын кызматтык убактысы жумасына 60-80 саат, ал эми Социалдык фонддун кызматкерлеринин жумуш убактысы күнүнө 8 саат, жумасына 40 саат, ошондой эле милдеттүү демалыш күндөрү дагы эки күндү түзөрү белгилүү.

Үчүнчүдөн, Социалдык фонддун кызматкерлери Орусия жана Казакстандын аскер кызматчыларынын пенсиясын эсептөө боюнча берген маалыматы объективдүү эмес. Бир жактуу маалыматтарды таратуу менен республиканын калкын адаштырып жатышат. Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын аскер кызматчыларынын пенсиялары биздин Ата Мекенди коргоочулардыкына караганда кыйла жогору.

«Кырдаалды жер-жерлерде көрүү үчүн Социалдык фондунун кызматкерлерине Баткен, Маргун, Нарында же Караколдо, республиканын башка райондорунда жайгашкан аскер бөлүктөрүнө барып, алардын жашоо жана кызмат шарттары менен түздөн-түз таанышып, аларды Социалдык фонддун кызматкерлеринин өздөрүнүн иштөө шарттары менен салыштырууну сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Коргоо министрлиги Кыргызстандын бардык жетекчилиги, өкмөт жана биринчи кезекте президент аскер кызматчыларын оор эмгегине татыктуу баалоо боюнча күч-аракеттерди жасайт, бирок Социалдык фонддун жетекчилиги өзүнүн жасап жаткан иштери жана мамилеси менен бул аракеттердин бардыгын жокко чыгарып жатат деп билдирди.

Иштеп жаткан аскер кызматчыларына пенсия төлөнбөй турганын 11-апрелде Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева билдирген.

Ал аскер кызматкерлери пенсияга кызматтан кеткенден кийин гана чыга араларын айткан.

«Алар азыр 40-42 жашта пенсияга чыгышат. Алар пенсиясынын 50 пайызын алып, иштеп жатышат. Башка өлкөлөрдө андай эмес. Орусия менен Казакстанда пенсия кызматтан кеткенден кийин гана чегерилет. Аскер кызматчысы кызматтан кеткенден кийин жарандык кызматта иштесе, жашы жеткенден кийин гана пенсия алат», — деп айткан ал.

Copyright © 2017 Maral FM