Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында кемпирин бычактап салган абышка кармалды

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 472 | 0

Ош шаарынын Калинин конушунан 58 жаштагы аял төрт жеринен бычак жеп, оор абалда облустук ооруканага түшкөн. Аны коңшулары алып келишкен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен иш козгоп, бул ишке шектүү катары аялдын 1959-жылы туулган С.Х. аттуу абышкасын кармашкан.

Милициянын берген маалыматына таянып айтсак, окуя 7-апрелде болгон. Абышка кемпири менен чатакташа кетип, ашкана бычагы менен көкүрөк тушка төрт жолу сайып жиберген. Ызы-чууну уккан коңшулары арача түшүп, экөөнү ажыратып, аялды оор абалда ооруканага жеткиришкен.

Шектүү С.Х. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 9-апрелде шаардык сот тергөө бүткөнчө абакта кармоо чечимин чыгарган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM