Биз менен байланышыңыз

Баткен: Өспүрүмдөр дүкөндөн жарым млн сом уурдашкан

Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 329 | 0

Баткен шаарындагы «Асылбек» соода борборунун сатуучусу 32 жаштагы С.С. 17-мартка караган түнү белгисиз бирөөлөр дүкөнүнө кирип, 600 миң сомго жакын акчасын уурдап кеткенин айтып, милицияга арыз жазган.

Баткен милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жарандын арызы Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

Кылмышка шектелип, Баткен районунун 15 жаштагы тургуну Н.К. жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын 18 жаштагы тургуну М.Ж. Бишкек шаарынан кармалган.

Өспүрүмдөр жеңил акча табуу максатында уурдалган акчага сатып алынган телефондор, кийим-кечелери менен тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Азыркы күндө тергөө иштери сотко жиберилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM