Баткен шаарындагы «Асылбек» соода борборунун сатуучусу 32 жаштагы С.С. 17-мартка караган түнү белгисиз бирөөлөр дүкөнүнө кирип, 600 миң сомго жакын акчасын уурдап кеткенин айтып, милицияга арыз жазган.
Баткен милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жарандын арызы Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн.
Кылмышка шектелип, Баткен районунун 15 жаштагы тургуну Н.К. жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын 18 жаштагы тургуну М.Ж. Бишкек шаарынан кармалган.
Өспүрүмдөр жеңил акча табуу максатында уурдалган акчага сатып алынган телефондор, кийим-кечелери менен тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Азыркы күндө тергөө иштери сотко жиберилген.