Биз менен байланышыңыз

Гурас Жапаров: Ишкерлер илимге инвестиция салса жакшы болмок

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2022 | 389 | 0

Ишкерлер илимге инвестиция салууга кызыкпайт. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ири ишкерлер тез арада натыйжа бере турган турмакка инвестиция салууга көнүп калып, узак мөөнөттө жыйынтык бере турган тармакка кызыкпай калышкан.

«Биринчиден, ишкерлер илимге көп көңүл бурбайт, кызыкпайт; экинчиден, жаш окумуштуулар аракет кылат, бирок ары жагын көрбөй калгансыйт. «Мен мугалим эле болуп калат турбаймбы, эч кимге керегим жок болуп калат турбайбы, же болбосо ушул бойдой калып калат экенмин», — деп ойлошот. А чет өлкөдө болсо илимпоздор, илим тармагындагылар чоң корпорацияларда эмгектенишет», — деди ал.

Ал Орусия мамлекеттик бюджеттен илимге 3,5 млрд, ал эми Гарвард университети бир жылда 10-12 млрд доллар бир гана илимге бөлөрүн мисал келтирди. Муну менен Кыргызстанда да ушундай деңгээлде жеткиликтүү каражат бөлүп, илимге басым жасап, аброюн көтөрүү керектигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM