Биз менен байланышыңыз

Жапанов: Жаштар акчага кызыгып, илимди унутуп калышты

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2022 | 465 | 0

Бүгүнкү күндө жаштар илимге келбей калды, бул өтө чоң көйгөйгө айланды. Мындай пикирин филология илимдеринин кандидаты, профессор Аттокур Жапанов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жаштар оңой, жеңил жакка качып жатышат. Азыр баары акчага кызыгат, а илимде акча аз.

«Кыргыз тили жаатында маселе көтөрбөсөк, жаштар эне тилин унутуп баратат. Үйдө кыргызча сүйлөшпөйт, бала бакча менен мектепте да кыргыз тилине басым жасалбай калды. Көрүп жатам, студенттердин билим деңгээли да өтө төмөн болуп калды, мындай эч качан болчу эмес. Кыргыздын улуу асылдарын 90% билишпейт, тил жагынан ээ, баяндоочту билишпейт, эптеп-септеп 11-классты бүтүрүп келе жатышат, анан да быйыл 12-класс болгондо, мындан ары окуусу келбей калат», — деди ал.

Ал бийлик өкүлдөрү илим тармагындагы кызматкерлердин маянасын 50 миңден жогору кылып берсе, жаштар кызыга баштамагын, муну менен бирге өлкө да өнүгүү жолуна кадам таштамагын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM