Connect with us

Жеке менчик мектептердеги окуу акысын ким көзөмөлдөйт?

Коом , Саясат | 12 Апр 2022 | 1490 | 0

Өлкөдөгү жеке менчик билим берүү мекемелеринин окуу акысы өтө кымбат болуп, баасы жыл сайын өсүүдө. Бул маселени депутат Эмил Жамгырчиев көтөрүп, Билим берүү жана илим министрлигине бааларды төмөндөтүү сунушун берди. Министрлик жеке менчик мектептердин төлөмүн Монополия менен күрөшүү кызматы көзөмөлдөөрүн билдирди. Ал эми Антимонополия бул маалыматты четке какты. Жеке менчик билим берүү жайларын ким көзөмөлдөйт? Бул тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз.

Депутат Эмил Жамгырчиев «Альянс» фракциясынын жыйынында жеке менчик бала бакчалардын жана мектептердин окуу акысы өтө кымбат экенин, билим берүү баарына бирдей болбой жатканын, байлар үчүн жана кедейлер үчүн деген эки ажырым пайда болгонун айтып чыкты.

«Жеке менчик мектептерге жана бала бакчаларга төлөм күн сайын өсүүдө. Окуу акысынын суммасы да ар башка. Көзөмөлдөөгө жол жокпу? Эсиңиздеби, Совет доорунда баарыбыз бирдей билим алып, бирдей кийинип пионер болгонубузду? Кандай жакшы күндөр болду. Азыр билим экиге бөлүндү: кедейлер менен байлар үчүн. Акчасы барлар балдарын жакшы шартта, менчик мектептерде окутат. Дагы эле бири-бири менен атаандашат. Ал эми карапайым жарандардын балдары мамлекеттик мектептерде окуп жатышат», — дейт эл өкүлү.

Окуучулар арасында психологиялык-эмоционалдык атаандашуу чындап эле бар экенин билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу да ырастады. Бирок министрлик жеке менчик окуу жайларга төлөмдү белгилей албасын, бааларды көзөмөлдөө алардын функциясына кирбесин билдирди.

«Биз эркин базар экономикасында жүргөндүктөн, жеке менчик мектептерге жана бала бакчаларга окуу акысы боюнча сунуш бере албайбыз. Министрлик муну жөнгө сала албайт. Төлөм маселесин Монополияга каршы кызмат көзөмөлдөйт», — дейт ал.

Ал эми Монополия менен күрөшүү кызматынын төрага орун басары Женалы Орозбаев Кыргызстандагы жеке менчик билим берүү уюмдары окуу акысынын баасын макулдашпай турганын белгиледи. Айтымда, кызмат акыны ар бир мекеме өз алдынча бекитет. Бул «Акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтерди түзүү жана колдонуу жөнүндө» жободо каралган.

«2016-жылга чейин билим берүү мекемелерине лицензия берүү жана окуу акысын көзөмөлдөө бизге караштуу болгон. Бирок 2016-жылдан баштап мунун баары Билим берүү жана илим министрлигине өткөн. Азыр Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу керек. Министрлик лицензия берет, окуу акысынын көлөмүн да карайт. Жети жылдан бери ушундай болуп келе жатат. Биздин такыр тиешебиз жок», — деди алар.

Бул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылсак, басма сөз кызматынын өкүлү Самат Тоялиев министрлик жеке менчик мектептердин, ал тургай жогорку окуу жайлардын окуу акысын көзөмөлдөбөй турганын, министрликке тиешеси жоктугун айтты.

«Жеке менчик мектептердин окуу акысы эле эмес, жогорку окуу жайлардын окуу акысы да бизге караштуу эмес. Бул Антимонополиянын көзөмөлүндө болушу керек», — деди ал.

Натыйжада жеке менчик мектептердин окуу акысын кайсы орган көзөмөлдөй турганы азырынча суроо бойдон калууда.

Айрым менчик мектептер менен байланышып, окуу акысы кандай негизде бекитиле турганын билүүгө аракет кылдык.

Бишкектеги менчик мектептердин негиздөөчүлөрүнүн бири Жакшылык Матанов депутаттын бул сунушун сынга алып, эл өкүлдөрү билим берүүнүн өнүгүүсүнө дайыма бут тосуп келет деп эсептейт. Ал өзү түптөгөн мектептин окуу акысы жылына 350 миң сом экенин айтып, каражаттын сарпталышын түшүндүрүп берди.

«Биринчиден, 120 депутаттын бирөөсүндө да менчик мектеп жок. Бирок алардын сауна, чайхана, кафе-рестораны толтура. Мектептерге келгенде эле жеке менчик мектептерге тийишип калышат. Экинчиден, биздин мектептин бир жылдык окуу акысы 350 миң сом. Ижаранын акчасы эле олчойгон сумма болуп келет. Андан кийин чет жактан тажрыйбалуу мугалимдерди жалдап иштетебиз. Алар болсо эң аз дегенде миң доллар айлык алат. Ошондой эле китептердин баарын чет өлкөдөн буйрутма аркылуу алып келебиз», — деди ал.

«Сапат» билим берүү мекемелеринин окуу акысы жылына 3 миң 500 долларды түзөрүн башталгыч класстардын билим берүү боюнча координатору Кубан Алиев билдирди. Негизинен бул сумманын басымдуу бөлүгү салыкка жана мугалимдердин маянасына жумшалат. Ошондой эле мектепти жабдууга, жасалгалоого, окуучулардын тамак-ашына, бирдиктүү формасына сарпталат. Ошол эле учурда айрым окуучуларга жеңилдиктер да каралган.

«Сапат» жыл сайын ири суммада дотация кылат. Окуучуларга жеңилдиктер берилет. Мисалы, окуучу жакшы окуп, натыйжа көрсөтө алса, ага окуу акысынан жеңилдик берилет. Мындан сырткары турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөр да кайрылышат, аларга да жакшы жеңилдиктер каралган», — деди ал.

Кыргызстандагы менчик мектептердин саны такталган эмес. Бишкекте 60-70тей орто жана башталгыч билим берген мектеп бар. Алардын бир жылдык окуу акысы 100 миң сомдон башталып, айрымдары миллион сомдон ашат.

Маселен, интернеттеги ачык булактарда «Билимкана» мектебинин Бишкектеги бир жылдык окуу акысы 5 миң АКШ доллары деп көрсөтүлгөн.

Эң кымбат деп эсептелген Cambridge эл аралык мектебине жыл сайын башталгыч класстын окуучусу 9 миң, жогорку класстын окуучусу 13 миң АКШ долларын төлөп окуйт.

Copyright © 2017 Maral FM