Connect with us

Мамлекет милдеттүү эмес. Байсалов пенсия үчүн акча салуу зарылдыгын айтты

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 989 | 0

Кыргызстанда Социалдык фонддун төлөмдөрүн төккөндөр аз. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов пенсия реформасы боюнча парламенттеги угуу учурунда айтты.

Анын маалыматында, социалдык төлөмдөрдү негизинен эң ири компаниялар төлөйт.

«Базардагы соодагерлер, мигранттар, фермер-дыйкандар Милдеттүү камсыздандыруу фондуна да, Соцфондго да бир сом төлөбөйт. Бизде төлөм төккөндөр аз. Биз жарандарга пенсия үчүн акча чогултуу керектигин туура түшүндүрүүгө аракет кылуудабыз. Эгер жаран бир сом да Соцфондго төлөбөсө, анда мамлекет эч нерсеге милдеттүү эмес», — деп билдирген Байсалов.

Байсалов ошондой эле пенсия жашын жогорулатуу боюнча да түшүндүрмө берип, аялдардын да пенсия курагын 60 жашка чыгарууну сунуштады.

«Бул албетте дароо болбойт, этап менен ишке ашат. Ушул эле өзгөртүүлөр аскер кызматындагыларга да тийиштүү. Азыр бийик тоолуу аймактарда жашоо-шарт башкача. Баалар да Бишкектегиден арзан. Мындан улам биз пенсия жашын жогорулатуу сунушун 2023-2026-жылга карата концепцияга киргизүүнү сунуштайбыз», — деп кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM