Биз менен байланышыңыз

Бурмагүл Чабдарова Талас облустук медиа борборуна башкы директор болду

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 230 | 0

Бурмагүл Чабдарова Талас облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кол койду.

Бурмагүл Чабдарова 1992-1996-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинде, 1996-1998-жылдары ушул окуу жайдын философия кафедрасында магистратурада окуган.

Эмгек жолу:

1998-жылы — Кыргыз улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) «Кабарлар» өндүрүштүк бирикмесинде кабарчы;

1999-2001-жылдары — УТРКнын социологиялык изилдөө бөлүмүндө социолог;

2001-2006-жылдары — УТРКнын «Кабарлар» кызматында баяндамачы;

2006-2008-жылдары  — Талас облустук телерадио компаниясында директордун орун басары;

2008-2009-жылдары — ушул эле компанияда директор;

2010-2019-жылдары — Талас облустук мамлекеттик телерадио компаниясында башкы директордун орун басары;

2006-2008-жылдары — Талас облустук телерадио компаниясында директордун орун басары;

2008-2009-жылдары — Талас облустук телерадио компаниясында директор;

2010-2019-жылдары — Талас облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясында башкы директордун орун басары;

2020-жылдан бери Талас облустук медиа борборунда башкы директордун орун  басары болуп иштеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM