Биз менен байланышыңыз

БШК: Добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо аяктады

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 216 | 0

10-апрелде өткөн 3 шаардык жана 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо участоктордо добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

УШКлардын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдору ж.б. шайлоо документтери участкалык комиссиялар тарабынан аймактык шайлоо комиссияларына жеткирилип, акт боюнча өткөрүлүп берилди. Көчүрмөлөрү БШКнын сайтында «Маалыматтык шайлоо тутумунда» (https://newess.shailoo.gov.kg) жарыяланды.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу УШКлардын чечимдерин даттануунун мөөнөтү – 3 күн, даттануулар аймактык шайлоо комиссияларына берилет.

Аймактык шайлоо комиссиялары протоколдордун негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарып, кеңеш боюнча депутаттарды шайлоонун натыйжаларын аныктайт.

Чечим кабыл алууда шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө түшкөн даттанууларды (арыздарды) милдеттүү түрдө карайт жана мыйзамга ылайык чечимдер кабыл алат.

10-апрелде Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облусунун 3 шаарында жана 13 айылында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү. 336 депутат шайланышы керек, 1318 талапкер мандат үчүн ат салышты.

3 шаардык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 93тү түзөт, 13 партиядан 827 талапкер катталган.

13 айылдык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 243тү түзөт, анын ичинде округдарда аялдар үчүн 96 мандат резервде калтырылган.

13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 491 талапкер анын ичинде 160ы аял талапкер.

Шайлоочулардын жалпы саны 157 958ди түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM