Биз менен байланышыңыз

АКШ Тажикстандын чек ара кызматына 2,95 млн доллар техникалык жардам көрсөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 1787 | 0

АКШнын Тажикстандагы элчилиги тажик чек арачыларына радиостанция, жүк ташуучу унаа жана Jeep J8 автоунаасынын тетиктеринин комплектерин белек кылды.

Рация жана автоунаалардын жалпы суммасы $1,1 млн доллар. Ал эми Jeep J8 автоунаасынын тетиктеринин комплекттери жана техникалык тейлөө устаканаларын ачуунун баасы 1,85 млн доллар. АКШ бийлиги бул техникалык колдоосун Тажикстандын чек ара аймактарын коргоосуна чоң салым кошот деп эсептейт.

Буга чейин, 2021-жылдын ноябрында АКШ Тажикстандын чек ара кызматына 1,4 млн доллар өлчөмүндө Jeep J8 18 автомобилди жардам иретинде берген.

1992-жылдан бери АКШ Тажикстандын коопсуздук тармагына жалпы 330 млн долларлык жардам көрсөткөн. Анын ичинде окутуулар жана инфраструктура да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM