Биз менен байланышыңыз

Баткенде энергетиктердин республикалык семинары башталды (сүрөт)

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 165 | 0

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин демилгеси менен Баткен шаарында энергетиктердин тажрыйба алмашуусу үчүн жана энергетикалык компаниялардын ишмердигин жакшыртуу максатында эки күндүк семинар башталды.

«Улуттук энергохолдингдин» башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиев иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөп, адистердин тажрыйбасын жогорулатып, ынтымагын бекемдеп, алдыга коюлган тапшырмаларды аткарууга жакшы бир өбөлгө түзө турганына ишенимин билдирди.

«Кесиптик атаандаштык, мелдештер, алдыңкы багыттагы жаңы ыкмаларды өздөштүрүү — учур талабы. Техникалык адистердин арасындагы мыкты деп аныкталган кызматкерлер үлгү болушу зарыл. Алардын квалификациясынын мындан ары да өсүшүнө шарт түзүлүүдө», — деп белгиледи.

Күндүн экинчи жарымында «Жалал-Абад электро» ишканасынын кызматкерлери «Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуу фактысын аныктоо жөнүндө» таанытым жасашат.

Ал эми «Чыгыш электро» ишканасынын кызматкерлери токко урунган адамды куткаруу жана алгачкы жардам көрсөтүү боюнча тажрыйба сабак өтүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM