Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасы ачылды

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 516 | 0

Бүгүн, 11-апрелден тарта Казакстан өз жарандары жана чет элдиктер үчүн чек араларына коюлган чектөөлөрдү алды. Мындай чечим эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен кабыл алынган.

Ошондой эле Казакстандын мамлекеттик чек арасынан аба аркылуу өтүүгө бардык чектөөлөр алып салынды.

Ал эми ПЧР-тест же эмдөөдөн өткөнүн тастыктаган документ милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөнүн жарандарына Казакстандын аймагы аркылуу башка өлкөлөргө транзиттик жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM