Биз менен байланышыңыз

Өспүрүмдөр жумасына 24 сааттан 36 саатка чейин гана иштеши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Апр 2022 | 427 | 0

Эмгек кодексинде балдарды иштетүүгө тыюу салынган эмес. Бирок аларды кара жумушка алууда белгиленген укук жана ченемдер бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматынын директорунун орун басары Тимур Текебаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Эмгек мыйзамына ылайык, бала 14 жашынан баштап иштөөгө укуктуу. Анда да ата-энесинин уруксаты болушу керек жана баланын ден соолугуна зыян тийбегидей болушу шарт. Жумуш берүүчү да көрсөтүлгөн талаптарды так сакташы зарыл.

«Мисалы, чоң жумушчулар жумасына 48 саат иштеши керек болсо, өспүрүмдөр жашына жараша 24 сааттан 36 саатка чейин гана иштеши шарт. Ал эми чоң адамдын бир күндүк нормасы 8 саат болсо, өспүрүмдөрдүкү 4-6 саат болушу керек. Ошондой эле жумуш берүүчү графикти өспүрүмдүн окуусуна тоскоол болбогудай белгилеши шарт»,—  деди ал.

Текебаев жумушчулар тарабынан алданып калбоо үчүн өспүрүмдөрдү алдын ала эмгек укуктарын так билип алууга үндөдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM